Кыргызстандын баардык аймактарында Курман айт намазы окулду
Бүгүн, 11-август Кыргызстанда Курман Айт майрамы. Анын урматына өлкөнүн бардык аймактарында Айт намазы окулду. Муфтияттын чечими менен быйыл Курман Айт намазы Кыргызстан боюнча бир убакта, 07:45те окулду.
Бишкектеги Айт намаз эски аянтта окулуп, ага миңдеген шаар тургундары, коноктору катышты.
Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев “Диний баалуулуктар, Курман айт пазилети” темасында баяндама жасады. Өз сөзүндө муфтий Ислам дининдеги негизги майрамдардын бири экенин белгилеп, Кыргызстандын элин улуу Курман айт майрамы менен куттуктады.
Президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосун окуду.
Курман Айт намазына Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов катышып, мусулмандарды куттукташты.
Айт намазга катышкан мусулмандар эски аянттагы майда таштандыларды чогултуп кетишти.
Добавить комментарий ×