Курман айт күнү коомдук транспорт иштейт
Бөлүшүү:
Кыргызстанда 31-июль күнү Курман айт майрамында коомдук транспорт өз ишин токтотпойт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
"Маршруттар, автобустар жана троллейбустар иш күндөгүдөй эле эртең менен саат 7.00дөн 10.00гө чейин, кечинде 17.00дөн 21.00гө чейин каттайт", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Республикалык штабдын чечимине ылайы коомдук унаалар 1-июлдан тартып ишемби, жекшемби күндөрү ишин токтоткон. Ал эми быйыл Курман айт майрамы жума күнгө туш келип, Кыргызстанда эс алуу күнү деп жарыяланды.
Ссылка: https://barometr.kg/kurman-ajt-kn-koomduk-transporttor-toktotulbajt
Добавить комментарий ×