Курман айтта 6 миңге жакын милиция коопсуздукту камсыздашат

27 июнь 2023 15:48 1250 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Курман айтты майрамдоо учурунда 6 миңге жакын милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздашат. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, 28-июнь күнү Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленип  жаткандыгына байланыштуу,  коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. 

Аталган майрамдык иш-чарада коомдук тартипти сактоого республика боюнча 6 миңге жакын кызматкер тартылат.

Ошондой эле, 1 миңден ашык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тартылып, алар атайын посттордо иш алып барышат.                        


Ссылка: https://barometr.kg/kurman-ajtta-6-mige-zhakyn-miliciya-koopsuzduktu-kamsyzdashat



Добавить комментарий