Коомдук транспорттун айдоочуларына 131 миң сомдук айып пул салынды
Бөлүшүү:
Бишкектеги коомдук транспорттун айдоочуларына эки күндүк рейд өткөрүлүп, анын натыйжасында 131 миң сомдук айып пул салынды. Бул тууралуу Бишкектин Патрулдук милиция кызматы башкармалыгынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Аталган кабарга таянсак, коомдук транспорттун катышуусуда адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыктары көбөйдү. Бул айдоочулар унаанын техникалык абалына көңүл бурбай жана жол кыймылынын эрежелерин бузгандыктан улам келип чыгууда.
Жол кырсыктарын алдын алуу үчүн 8-ноябрдан 30-ноябрга чейин Бишкекте “Коомдук транспорт” деген рейд өткөрүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/koomduk-transporttun-ajdoochularyna-131-mi-somduk-ajyp-pul-salyndy
Добавить комментарий ×