Курдашын сабаган баткендик жигит эки жыл бою Москвада жашырынып жүргөн

20 май 2019 17:59 1195 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттер аралык издөөгө алынган Кыргызстандын жараны Москва шаарында кармалды. Бул тууралуу бүгүн ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү Москва шаарынын аймактык укук коргоо органдары менен биргеликте ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, издөөдө жүргөн Кыргызстандын жаранынын өздүгүн аныкташкан.

«Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 2000-жылы туулган тургуну М.А. Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 234-беренесинин 2-бөлүмү («Топтошуп жасалган бейбаштык») боюнча айыпталып, тергөө органдарынан жашырынып жүргөндүгү үчүн издөөгө алынган. Ал 2017-жылы августта өзүнүн достору менен биргеликте бейбаштык кылып, коомдук тартипти жана коомдо жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин одоно бузуп, Кызыл-Кыя шаарынын коомдук жайларынын биринде курдашынын денесине жаракат келтирген. Андан соң 2 жыл бою Москва шаарында жашырынып жүргөн. Учурда шектүүнү өз өлкөсүндө алып келип, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тиешелүү маселелер чечилип жатат», - делет маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/kurdashyn-sabagan-batkendik-zhigit-eki-zhyl-boyu-moskvada-zhashyrynyp-zhrgn



Добавить комментарий