Курбуңуздун сизди көрө албай жүргөнүн кантип билсе болот?
Достук бул жакшы нерсе. Бирок качан гана курбу кыздардын ортосунда атаандаштык башталса анда иштин начар экени айдан ачык болот. Курбуңуздун билгизбей ичи тарып сизге атаандаш боло баштаганын кантип билсе болот. Психологдор бир нече кеңештерди сунушташат.Төмөндө аларга көз жүгүртүңүз! Бул тууралуу психологдун сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Сизге окшошкусу келе баштайт
Сизге ар тараптан окшошуу кайсы гана багытта болбосун башталат, мисалы сиз колдогон косметиканы колдоно баштайт, ошол эле бренддеги гаджеттерди сатып алат. Сиз барган фитнес клубдарга, сиз көп барган жерлерге баргандык жактырат. Мындай курбудан абай болуу керек. Азыртан унчукпаса дагы бир күнү таарынычы менен жаман мүнөзүн сизге көрсөтүүсү ыктымал.
Сиздин жетишкендиктерди кызганат
Окууда болобу, иште болобу,жигит менен мамиле кура баштайсызбы баардык нерседе ичинен сызып ойлоно баштайт. Сессияны мыкты табыштап, белекке смартфон алганыңызды айтканда жөн гана “куттуктайм” деп ооз учунан колдомуш болот. Сиз менен кошо маңдай жарыла кубанбай, мындай жагдайларда башка нерселерге шылтоолоп уруш чыгарууга аракет кылат.
Жашоосунда кыйынчылыктар болгон курбу
Сиздин окууңуз, жеке жашооңуз, жумушуңуз жакшы дейли. Кааласаңыз эс алууга дагы чыгып келесиз. Бирок анын жигити таштап кеткен, окуусунда начар жетишкендиктер болгон, жумушка барса кыскартууга туш болгон.Мындай курбулар өздөрү жаман адам эмес болсо да сиздин жетишкендиктерге ичинен сызып, ичи тарышы мүмкүн. Анткени адамдын табияты көп учурда баардыгы бирдей болуусуна умтулат.
Ошондуктан курбу күткөндө абай болуңуз!
Ссылка: https://barometr.kg/kurbuuzdun-sizdi-kr-albaj-zhrgnn-kantip-bilse-bolot
Добавить комментарий ×