Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия чемпионатынын тандоо турунан утулду
Кыргызстандын Олимпиада боюнча улуттук курамасы Азия-2020 футбол боюнча чемпионатына тандоо турунун үч матчында тең жеңилди.
E тобунун квалификациялык мелдеши кечээ, 26-мартта Кувейтте аяктады. Акыркы турда кыргызстандыктар 2:3 эсебинде жеңишти үй ээлерине алдырып жиберди. Эки топту тең команданын оюнчусу Эрнист Батырканов киргизди.
Биринчи турда Кыргызстан Сириядан 0:2 эсебинде утулуп калган болчу. Андан соң Иорданиядан 0:3 эсебинде жеңилген. 7 упай алган иорданиялыктар менен сириялыктар Азия чемпионатынын финалдык баскычына чыгышты. Топтогу үчүнчү орунда Кувейт калды. Кыргызстан 0 упай менен акыркы орунда утулду.
Ссылка: https://barometr.kg/kurama-komanda-futbol-boyuncha-aziya-chempionatynyn-tandoo-turunan-utuldu
Добавить комментарий ×