“Кумтөрдүн” Бишкектеги кеңсесин басып алуу аракети жүрүп жатканы айтылды

7 октябрь 2020 12:50 938 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Борбор калаада бир топ адамдар "Кумтөр Голд Компани" компаниясынын Бишкектеги кеңсесин басып алуу аркетин көрүп жатат.  Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматынын жетекчиси Марина Гаврилова билдирди.

Маалыматта, ишкананын кеңсесине болжолу менен 30 кишиден турган топ кирип алганы айтылат.

"Отуздай адам алгач "Учкун" имаратына, андан соң "Кумтөрдүн" кеңсесине киришти. Биз элдик кошуундардан, укук коргоо органдарынан жардам күтөбүз", — деди Гаврилова.

Ал учурда кеңседе эч ким жок экендигин, бардыгы аралыктан иштеп жатканын айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/kumtrdn-bishkektegi-kesesin-basyp-aluu-araketi-zhrp-zhatkany-ajtyldy



Добавить комментарий