Кумар алыш үчүн эң ыңгайлуу убакыт күнбү же түнбү?
Көпчүлүгү түн сүйүү убактысына жаралган деп эсептешет. Бирок адамдын биологиялык сааты жана гормоналдык деңгээли башкача иштейт. Илимпоздор эркектердин жана айымдардын суткадагы сексуалдык жигердүү учурун изилдеп чыгышкан. Анда төмөнгө көз жүгүртүңүз!
Эртең мененки саат 6.00дөн 8.00гө чейинки убакыт
Аял бул убакыт аралыгында жакындашууга даяр эмес болот. Анткени канда уйку гармону-мелатониндин деңгээли жогору болгондуктан ал уйкудан жакшы ойгонбойт. Эркектер үчүн тескерисинче бул убакытта кандагы тестостерондун курамы эн жогорку деңгээлине жетет.
Саат 8.00дөн 10.00гө чейинки убакыт
Бул убакытта аялдын организмини ойгонуп, эндорфин гармону жогорулайт, ошондуктан анын жигердүү мезгили да жогору болот. Мырзаларда тескерисинче тестостерон азаят.
Саат 10.00дөн 12.00гө чейинки убакыт
Аялдарда бул учурда сезимталдык жогорулайт, мырзаларда мээнин ой жүгүртүүчү зонасы активдүү иштейт баштайт. Төшөк кумары тууралуу ой таптакыр арткы планга жылат.
Саат 12.00дөн 14.00гө чейинки убакыт
Аялдын организими бул убакытта өтө активдүү болот, бирок жакын мамиле үчүн эмес, жашоо активдүүлүгү көтөрүлөт. Мырзаларда бул учурда эндорфин гормону көтөрүлүп жаңы бир нерсеге кызыгуучулук пайда болот.
Саат 14.00дөн 16.00гө чейинки убакыт
Бул аралыкта аялдын организми бойго бүтүүгө толук даяр болот.Эркектерде дагы эң активдүү мезгил.
Саат 16.00дөн 18.00гө чейинки убакыт
Аялдардын активдүүлүгү төмөндөйт, эркектер тескерисинче жакын мамилеге абдан муктаж болуп стрессин чыгарууну көздөйт.
Саат 18.00дөн 20.00гө чейинки убакыт
Аял да, эркек да эч кандай жакын мамилеге муктаж эмес. Бул тамактануу жана эс алуу убакыты.
Саат 20.00дөн 22.00гө чейинки убакыт
Жакын мамиле үчүн эң ыңгайлуу мезгил, эркектин да, аялдын дагы көңүлдөрү төп келе турган маал.
Саат 22.00дөн 00.00гө чейинки убакыт
Аялдын организминде мелотонинди деңгээли жогорулайт, уйкусу келет, эркектер эс алууну каалайт.
Саат 00.00дөн таңкы 06.00гө чейинки убакыт
Бул аралыкта жубайларга уйкудан бөлөк эч нерсе тоскоол боло албайт.
Ссылка: https://barometr.kg/kumar-alysh-chn-e-yjgaluu-ubakyt-knb-zhe-tnb
Добавить комментарий ×