Кулпунай ооздон чыккан жагымсыз жыттардан арылтуучу эң жакшы каражат
Ооздон чыккан жагымсыз жыттардан арылтуучу эң жакшы каражат катары саналган кулпунайдын курамында аскорбин кычкылы, А, В1, В2, В9, Е, К, РР витаминдери жана магний, фосфор, кальций, натрий, цинк элементтери бар. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Бөйрөк, боор, ичеги-карын, жүрөк-кан тамыр жана нерв системаларынын ишин жакшыртуу менен бирге шишикти кетирет. С витаминине бай кулпунайдын бир күндүк нормасы - 300-400 грамм.
Кант диабетинде: кулпунай кандагы кантты азайтуучу касиетке ээ болгондуктан аны кант диабети менен жабыркагандарга сунуштап келишет. Ал үчүн күнүгө 100-200 грамм жеп туруу зарыл.
Кан басымы жана жүрөк ооруларында: кулпунай көтөрүлүп кеткен кан басымын түшүрөт, организмге топтолуп калган туздарды жоготот. Буга кошумча жүрөктү иштетүүчү булчуңдарды бекемдеп, алардын жакшы иштешине өбөлгө түзөт.
Кимдерге сунушталбайт?
Ашказанында жарасы барларга, гастрит менен ооругандарга, аллергиясы барларга жана кош бойлууларга көп жеген сунушталбайт.
Ссылка: https://barometr.kg/kulpunaj-oozdon-chykkan-zhagymsyz-zhyttardan-aryltuuchu-e-zhakshy-karazhat
Добавить комментарий ×