Боронов: Бейтаптар үчүн орундар ыкчам толуп калууда
COVID-19га чалдыккандар үчүн ооруканалардагы орундарды көбөйтүү иштери күнүгө жүргүзүлөт. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет.
«Калк арасында терс маанай жараткан жана дүрбөлөң түшүргөн такталбаган маалыматтар өтө ыкчам тарап жатат. Ооба, белгилүү бир кыйынчылыктар бар. Алсак, бейтаптар үчүн орундар ыкчам толуп калууда. Ооруканалардагы кезектер коркуу сезимин пайда кылып жатат. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн биз жана дарыгерлер бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз», - деди Боронов.
Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күнү И.Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясынын, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Д. Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин жатаканаларында 500дөн ашуун орун бар.
Жайында башка маселелер дагы көтөрүлдү. Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча, борбор калаадагы кесиптештерине жардам берүү үчүн аймактардагы ыктыярдуу дарыгерлер Бишкек шаарына жиберилет.
«Медицина кызматкерлеринин эмгеги алтынга тете. Азыр алардын саны Бишкек шаарында жетишсиз болууда. Көпчүлүк медицина кызматкерлери башкалардын өмүрүн сактайм деп жатып вирусту жугузуп алышты. Ошондуктан биз башка аймактардагы дарыгерлерди кыйноо менен алып келе албайбыз, эгерде өз ыктыяры менен көмөктөшөм десе, бизге чоң жардам бергендик болот. Ошол эле учурда дарыгерлерге июнь айына берилүүчү бардык кошумча төлөмдөр 10-июлдан кечиктирилбестен төлөнүшү керектигин эскертем. Ошондой эле кошумча төлөмдүн көлөмүн көбөйтүү маселесин карап чыгуу керек», - деп кошумчалады Боронов
Штабдын жыйынынын жүрүшүндө кыргызстандык жарандарды Соль-Илецк (Россия Федерациясы) шаарынан алып келүү маселеси каралды. Жакынкы күндөрү алар мекенине кайтарылат.
Өкмөт башчы лабораториялар үчүн керектелүүчү материалдарды сатып алуу процессин тездетүүнү тапшырды. Мындан тышкары облустардын жетекчилери өздөрүнө бекитилген аймактарда Бишкек шаарынын мисалында көзөмөлдү күчөтүүгө тийиш.
Добавить комментарий ×