КТРКнын расмий сайтынын башчысы каза болду (Сүрөт)

11 август 2020 18:15 1271 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КТРКнын расмий сайтынын башчысы Нурзат Ниязова каза болду. Бул тууралуу аталган корпорациянын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип «Барометр» билдирет.

“Узакка созулган оорудан улам, 39 жаш курагында биздин кесиптешибиз Ниязова Нурзат Шаабековна дүйнөдөн кайтты. Биз чогуу иштеген кесиптешибизди гана эмес, өз ишин мыкты билген профессионал, чыныгы инсандык сапаттарга ээ болгон мыкты адамды жоготтук», - деп айтылат маалыматта.

Ниязова Нурзат Шаабековна 1981-жылы 12-ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөн.

Ал 1999-жылы И. Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин англис тили филологиясы бөлүмүн аяктаган.

2006-жылы РРТБ бөлүмүнө ишке алынып, КТРКнын расмий сайтынын калыптаныш мезгилинен тартып эмгектенген.

2015-жылдан тартып, КТРКнын расмий сайтын колдоо бөлүмүндө жетекчилик кызматында иштеп келген.

«Ниязова КТРКнын жана расмий сайтынын калыптанышына жана өнүгүшүнө чоң эмгегин жумшап, сайттын медиа тармагына чыгышына өзүнүн чоң салымын кошкон. Ниязова Нурзат Шаабековнанын жаркын элеси, мыкты адамдык сапаттары жана кылган эмгеги жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат!”-деп айтылат маалыматта.

“Барометрдин» жалпы жааматы Ниязованын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Ссылка: https://barometr.kg/ktrknyn-rasmij-sajtynyn-bashchysy-kaza-boldu-srt



Добавить комментарий