КТРКнын директору кызматтан кетип, эл телеканалдын алдына жаңы башчы дайындоого чогулуп турат
Бөлүшүү:
КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу өз каалоосу менен кызматтан кетти.
Бүгүн, 6-октябрда Жайнак Үсөн уулу арызын жазып, байкоочу кеңешке тапшырды.
КТРКнын алдында бир топ жарандар телеканалдын башчысынын кетүүсүн талап кылып келишкен.
Чогулган эл Мирлан Самыйкожо жана Чынара Капарованын талапкерлигин КТРКнын башчылыгына көрсөтүштү.
Ал эми, КТРКнын директорунун милдетин убактылуу аткарууга байкоочу кеңештин ичинен бирөө дайындала турган болду.
Добавить комментарий ×