КТРКда бийлик талаш. Телеканалдын имаратында чуу чыкты
КТРКнын директорлугуна талапкерлигин коюп жаткан Чынара Капарова менен Мирлан Самыйкожонун тарапташтары телеканалдын имаратынан чуу чыгарды.
Алар тарапташтарын КТРКнын имратынан чыгарып, мыйзамга ылайык, байкоочу кеңештин чечими менен жаңы башчы дайындоо тууралуу бир бүтүмгө келиши керек эле.
КТРКнын Байкоочу кеңеши чукул жыйынга чогулду. Алар каналды күч органдары тарабынан күчөтүлгөн коргоо керектигин айтышты.
"Кечээ кечинде жана бүгүн эртең менен ар кандай күчтөр келип, бул жердеги бийликти алмаштырып, өз адамдарын дайындаганга аракет кылышты", -деп айтты байкоочу кеңештин мүчөсү.
Бүгүн, 6-октябрда митингчилер өлкөдө болуп жаткан кырдаалды "ачык көрсөткөн жок" деп КТРКнын директорун кызматтан кетүүсүн талап кылып, телеканалдын имаратына барышкан.
Кийинчерээк, Улуттук телеканалдын мурунку башчысы Жайнак Үсөн уулу өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө арыз жазганы маалым болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/ktrkda-bijlik-talash-telekanaldyn-imaratynda-chuu-chykty
Добавить комментарий ×