КТРК 25 сериядан турган "Ак шоола" телесериалын көрсөтө баштады

16 октябрь 2018 12:00 5501 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ырыс Окенова режиссерлук кылган КТРКнын "Ак шоола" сериалы тартылып бүтүп, көпчүлүктүн алдына телеканал аркылуу көрсөтүлуп баштады. Бул тууралуу сериалдын режиссеру Ырыс Окенова жеке баракчасына билдирүү жасады. Сериалда ырчы Самара Каримова дагы актерчулук дараметин сынап көрдү. Сериалда интрига, жек көрүү, сүйүү, айтор чыныгы турмуштан алынган окуялар коштолмокчу. 25 сериядан турган чыгарма белгилүү акын Жыпара Исабаеванын "Адашкандар" романынын негизинде тартылган. 

Учурда сериалдын саундтреги чыгып, көпчүлүккө тартууланды. Ал эми сериалды тартууга туура 7 ай убакыт кеткен. 

Ссылка: https://barometr.kg/ktrk-25-seriyadan-turgan-ak-shoola-teleserialyn-krst-bashtady



Добавить комментарий