КСДП партиясы кезексиз жыйынга чогулат. Алмазбек Атамбаев партиядан чыгарылышы мүмкүн

7 июнь 2018 21:10 2747 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КСДП партиясынын кезексиз съездге делегаттарды чакыруу иштери аяктап калды. Жыйында Алмазбек Атамбаевди партиядан чыгаруу маселеси каралат. Бул тууралуу Сагынбек Абдрахманов өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

“Атамбаев биздин КСДП партиясынын сиңирген тарыхый эмгектердин артына жашынып жатканына биз нааразыбыз. Ал Бакиевдин заманындагы кадрлар Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовду санаалаш деп атаганы катачылык. Биздин мекендештер 7-апрелде бийликтин баш аламандыгы менен коррупцияга каршы күрөшүп жатып курман болушту. Мына ошол кандын баасы менен бийликке келген Атамбаев бийликти жада калса өзүнүн айдоочулары менен жан сакчыларына берди”,- деп жазылат билдирүүдө.

“Учурда биз КСДПнын кезексиз съездине чакырууга даярдыктарды көрүү иштерин жыйынтыктап жатабыз. Алмазбек Атамбаев мамлекетте гана эмес, партияда да чексиз бийликти менчиктеп алды. Партиянын ички демократиялык калдыктары жок кылынды. Бирок, биз анын мындан ары да партияны өзүн жана өзүнун ууру “санаалаштарын” коргоо үчүн колдонушуна жол бербейбиз. Биз, Алмазбек Атамбаев партиянын төрагалыгынан бошотулуп гана тим болбостон, КСДПнын курамынан четтетилмейинче тынч албайбыз”,- деди Сагынбек Абдрахманов.

Ссылка: https://barometr.kg/ksdp-partiyasy-kezeksiz-zhyjynga-chogulat-almazbek-atambaev-partiyadan-chygarylyshy-mmkn



Добавить комментарий