Криштиану Роналду XXI кылымдын мыкты футболчусу деп аталды

28 декабрь 2020 10:00 1327 Barometr
Бөлүшүү:
ok


“Ювентустун” жана Португалия курама командасынын 35 жаштагы чабуулчусу Криштиану Роналду 21-кылымдын мыкты футболчусу катары Globe Soccer Awards сыйлыгын алды. Бул тууралуу аталган сыйлыктын Twitter баракчасына жазылган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Номинацияга "Ливерпулдун" чабуулчусу Мохаммед Салах, бразилиялык футболчу Роналдиньо жана "Барселонанын" капитаны Лионель Месси да күч сынашты.

Карьерасында Роналду беш жолу Чемпиондор Кубогун жеңип алганы, ошондой эле Италия, Испания жана Англияда өткөн чемпионаттарда жеңишке жетишкени белгиленди.

Буга чейин "Манчестер Ситинин" машыктыруучусу Хосеп Гвардиола 21-кылымдын мыкты машыктыруучусу катары Globe Soccer Awards сыйлыгын алган. Гвардиоладан башка дагы үч адис XXI кылымдын мыкты машыктыруучусу наамына ат салышты. Алар француз Зинедин Зидан (“Реал”), португалиялык Жозе Моуринью (“Тоттенхэм”) жана Алекс Фергюсон.

Ошону менен катары эле, Мюнхендин “Бавариясынын” жана Польшанын курама командасынын чабуулчусу Роберт Левандовски 2020-жылдын футболчусу деп табылды.

Ссылка: https://barometr.kg/krishtianu-ronaldu-xxi-kylymdyn-mykty-futbolchusu-dep-ataldy



Добавить комментарий