Криштиану Роналду Италияда полиция тарабынан кармалды

30 январь 2021 10:10 4143 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Ювентустун" жана Португалия курама командасынын футболчусу Криштиану Роналду Италияда коронавируска каршы киргизилген карантиндик чаралардын бузгандыгы үчүн  полиция тарабынан кармалды. Бул тууралуу JuveFC сайтына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, Роналду сүйүктүүсү Джорджина Родригес менен туулган күнүн белгилөө үчүн атактуу Курмайор лыжа базасына барган. Алар "кызыл" зонага кирген Пьемонт жана Валле д'Аоста аймактарынын ортосундагы чек араны кесип өтүшкөн.


Италияда кабыл алынган эрежелерге ылайык, "кызгыл" зонага жеке зарылчылыктардан тышкары, жеке муктаждыктар боюнча кирүүгө  мүмкүн эмес. Андан тышкары, алар коронавирус илдетинен улам расмий жабык делген мейманканада жашап жатышкан.

Коронавируска каршы чараларды бузгандыгы үчүн португалиялык футболчу жана анын сүйүктүүсү айып пул төлөшөт. Эми Криштиану Роналду менен Джорджина Родригести Италиянын полициясы футболчудан баардык чараларды так сактоо убадасын алып, айып пул төлөгөндөн кийин койо берет.

Буга чейин Роналду футбол тарыхындагы мыкты бомбардир болуп, анын посту 2020-жылы инстаграмдын эң популярдуу посту болуп табылган.

Ссылка: https://barometr.kg/krishtianu-ronaldu-italiyada-policiya-tarabynan-karmaldy



Добавить комментарий