Видео."Кредит" аттуу фильмди онлайн көрүүгө болот

20 май 2019 11:35 13661 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Насыяны төлөй албай үй-жайынан айрылган кыргызстандык үй-бүлөнүн баласы тууралуу тартылган «Кредит» тасмасынын авторлору фильмдин толугу менен Youtube видео платформасына жайгаштырды.

«Тартуу иңштери 15 мүнөткө созулду. Таң калганыбыз актерлордун тарта турган жерден табылганы болду”,-деп билдирген Barometr.kg сайтына кинолентаны түзгөн Арген Адиль уулу.  "Фильм коммерциялык максатты көздөбөйт. Андан улам болушунча кеңири жайылтуу керек. Бул үчүн өнөктөштөр да жардамга келишти. Алар видеону көрөрмандар көп катталган баракчаларга жайгаштырышууда».

Тасмада каржылык эсептерди туура жүргүзүүгө аракет кылган, мындай ыкмаларды ата-энесин, бүт айылдыктарды үйрөтүп, айылдын жашоосун толугу менен өзгөрткөн бала тууралуу баяндалат. Социалдык драма жанрындагы кино 60 мүнөткө созулат.

Ссылка: https://barometr.kg/kredit-attuu-filmdi-onlajn-krg-bolot-video



Добавить комментарий