Красноярскиде кыргызстандык жигит суудан сүзүп өтмөк болгондо каза тапты

15 июль 2019 09:48 1999 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын Красноярск шаарында 18 жаштагы кыргызстандык жигит суудан сүзүп өтүп күчүн сынамак болгон кезде агып кетти. Бул тууралуу «Спасатель» куткаруучу мекемеси кабарлады.    

Аталган маалыматка таянсак, окуя кечээ күндүз болгон. Кыргызстандан барган жаш жигиттер иштен кийин эс алмак болушкан.   

“Эс алып жаткандардын бири 18 жаштагы кыргызстандык суунун наркы өйүзүнө сүзүп өтөм деп жатып, бирок күчү келбей калып каза тапты”,-деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар анын сөөгүн бир аз ылдыйраак жээктен табышты.

 

Ссылка: https://barometr.kg/krasnoyarskide-kyrgyzstandyk-zhigit-suudan-szp-tmk-bolgondo-kaza-tapty



Добавить комментарий