Өзгөчө кырдаалдар министри Чоң -Алайга барды
Бөлүшүү:
Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Чоң-Алай районуна жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу КР ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди .
Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл аймагына караштуу Доорот-Коргон айылынын Кызыл-Суу дарыясынын оң жээгин 400 метрге бекемдөө маселеси каралып, КР ӨКМ тарабынан солярка бөлүнүп берилип, жакын арада жумуш башталмай болду.
Эскерте кетсек, министр Ош облусуна болгон иш-сапарынын алкагында Кара-Суу жана Алай райондорундагы кооптуу аймактарды кыдырып, чатырларга көчүрүлгөн жарандарга түзүлгөн шарттар менен таанышып кайткан.
Ссылка: https://barometr.kg/kr-kmdin-ministri-cho-alajga-bardy
Добавить комментарий ×