Сууга түшүүдө сак болуңуз! Быйыл 57 адам сууга чөгүп кетти
Сууга түшүүгө мүмкүн болбогон жерлерге агын сууларга, көлмөлөргө түшүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Республика аймыганда жайдын ысык күндөрүндө сууга түшүү учурунда адам өмүрүн алып кеткен учурлар чанда кездеше баштады. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга туура түшүүнүн эрежесин айтты:
- сууга уруксат кылынган жайда, ал эми жаш балдар, бөбөктөр чоңдордун көзөмөлүндө түшүү керек;
- тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат;
- сууга мас абалда түшүүгө болбойт;
- суу боюнда балдарды кароосуз калтырбагыла;
- кайыктын, катамарандын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;
- күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүгө болбойт;
- үйлөмө матрацтарда, жаздыкчаларда, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт, ал жарылып кетсе, адам кокусунан терең жерге түшүп кетет, бул сүзгөндү жакшы билгендер үчүн өтө коркунучтуу;
- көпүрөлөрдөн, тосмолордон, кеме токтоочу жайлардан, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.
Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, акырын шашпай, тынчтыкты кармоо менен өзүн-өзү сактап калууга мүмкүн. Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат.
Бүгүн, 11-августка карата, сууда ар кандай себептер менен 57 адам өлүмү катталган, алардын ичинен: 29 эркек, 5 аял, 14 бала жана 9 өспүрүм. Ушул эле мезгилде 2019-жылдын 11-августунда республика боюнча сууда 122 кырсыгы катталган, салыштырмалуу 2020-жылы суудагы кырсык эки эсе аз катталды.
Ссылка: https://barometr.kg/kr-km-eskertet-suu-shalaakylykty-kechirbejt
Добавить комментарий ×