Көпчүлүктүн сүймөнчүлүгү Мирбек Атабеков миллионер болду

2 май 2019 11:50 3226 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандагы инстаграм соцтармагын колдонуучуларынын саны күндөн-күнгө өсүүдө. Көпчүлүк инстаграм аркылуу катталуучуларынын санына жараша акча табуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушту.

Буга чейин кыргыз шоу-бизнесинин өкүлдөрүнөн 6 ырчынын 1 миллион катталуучусу бар болсо, эми алардын катарына 7-болуп Мирбек Атабеков да кошулду.

Мирбек Атабековдун катталуучулары кечээ, 1-майда 1 миллионго жетти. Ырчы өзү да бул тууралуу кабар тапкандан кийин абдан толкунданып жатканын айтты.

Атабеков өз сөзүдө:

“Менде буга чейин миллион катталуучу болгон эмес, абдан толкунданып турам, кубанып жатам”, -деп күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин:

  • Самара Каримова
  • Анжелика Кайратова
  • Нурлан Насип
  • Асель Кадырбекова
  • Айгерим Расул кызы
  • Чолпон Талипбек милиион катталуучуга ээ болушкан.

Ссылка: https://barometr.kg/kpchlktn-sjmnchlg-mirbek-atabekov-millioner-boldu



Добавить комментарий