Маданият министри ырчылар Курал Чокоев жана Примбердиев менен жолугушту

18 январь 2021 16:09 4055 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков эстрада ырчысы Курал Чокоев жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев менен жолугушту. Бул тууралуу Маданият министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, жаңы муун арасынан мыкты таланттарды таап, эл аралык деңгээлге алып чыгуу менен, кыргыз маданиятын дүйнөгө  таанытуу багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу идеялары талкууланды.

Министр менен эстрада ырчылары фонограмма көйгөйүн чечүү, массалык маданиятка жарандардын кызыгуусун арттыруу боюнча да пикир алмашты. Артка кылчактабай, эл-журтубуз үчүн мыкты, пайдалуу демилгелерди биргеликте аткаруу боюнча жалпы позиция такталды”, - деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, жыл жаңырары менен ырчы Курал Чокоев  YouTube каналынан берүү ачып,  ырчыларды конокко чакырып этикага туура келбеген, жосунсуз жоруктар менен коштолгон көрсөтүү тартуулаган. Берүүнүн жүрүшүндө алар бири-бирин оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, уят сөздөрдү да колдонушкан. Курал Чокоевдин берүүсүнө конок катары келген Кайрат Примбердиев да коомчулуктун катуу сынына кабылган. 

Белгилей кетсек, 13-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Курал Чокоевге 2011-жылдын 12-июнунда берилген "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин кайтарып алган. Тиешелүү буйрукка министр Нуржигит Кадырбеков кол койгон. Ал эми Кайрат Примбердиевди “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратуу боюнча маданият министрлининин сунушу Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратына расмий жөнөтүлгөнү кабарланган. 

Бул маалымат коомчулук арасында кайчы пикирлерди жаратып, айрымдары министрдин кадамы башкаларга сабак болсун десе, айрымдары ырчынын наамын алып койуу туура эмес деп чыгышкан. 

Ссылка: https://barometr.kg/kp-kttrgn-zholugushuu-madaniyat-ministri-yry-kural-chokoev-zhana-kajrat-primberdiev-menen-zholugushtu



Добавить комментарий