Курал Чокоев “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинен ажыратылды

13 января 2021 09:57 4576 Barometr
Поделиться в:
ok

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Курал Чокоевге берилген “Маданияттын мыкты кызматкери”  төш белгисин кайтарып алды. Тийиштүү буйрукка министр Нуржигит Кадырбеков кол койгон. Бул тууралуу Маданият министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомчулуктун терс реакциясын жараткан ырчы Курал Чокоевдин чуулгандуу автордук программасы боюнча талкуу жүргүзүп, төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алды.

"Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2011-жылдын 12-июнундагы буйругу менен Курал Чокоевге ыйгарылган  “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин кайтарып алуу буйругуна кол коюлду.

Кайрат Примбердиевди “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратуу боюнча маданият министрлининин сунушу Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратына расмий жөнөтүлдү.

Ошону менен бирге, министрликтин тиешелүү мекемелерине аталган ырчыларды Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү мамлекеттик маданий массалык иш-чараларга белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо сунушталды", - деп айтылат билдирүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/kural-chokoev-madaniyattyn-mykty-kyzmatkeri-tsh-belgisinen-azhyratyldy



Добавить комментарий