Кѳп кабатуу үйлѳргѳ жылуулук 1-ноябрдан баштап берилет

31 октябрь 2019 14:52 1188 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жылуулук 1-ноябрдан баштап берилсин деген буйрукка кол койду.

Азиз Суракматов бала бакча, мектептердеги жана дарылануучу жайлардын температурасы менен таанышып, буйрукка кол койду. Жылуулук берүү адатта бир нече күнгѳ созулат. Алгач бала бакча, мектептерге ,ооруканалар, жана социалдык мекемелерге берилет.

Экинчи кезек менен кѳп кабаттуу үйлѳргѳ жана ишканаларга жылуулук берилет.

Азыркы күндѳ 617 кѳп кабатуу үйлѳрдү жылуу суу жана жылуулук менен камсыздайт. Колдонуучу абоненттердин саны 34533 түзѳт.

Жылуулук системасы боюнча маселелер болсо тѳмѳндѳгү телефондорго кайрылса болот:

(0312) 21-28-47, (0312) 212844, WhatsApp: 0500 287070

ОАО "Бишкектеплосеть":

- (0312) 61-11-69, 36-57-19, 30-07-67; 51-06-22, 21-74-06; 56-85-58;

Ссылка: https://barometr.kg/kp-kabatuu-jlrg-zhyluuluk-1-noyabrdan-bashtap-berilet



Добавить комментарий