Коюу тумандан улам "Манас" аэропортунда аба каттамдары жылдырылды, айрым учактар Алматы аэропортуна конду

28 ноябрь 2018 20:49 1211 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги коюу каптаган тумандан улам "Манас" Эл аралык аэропортунда аба каттамдары токтотулуп жана жылдырылды. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди. 

Үрүмчү-Бишкек авиакаттамы эртеңкиге жылдырылып, «Эйр Астана» авиакомпаниясынын каттамы 00:00 убактысына коюлду. 

Ошондой эле Москвадан учуп келген «Аэрофлот» авиакомпаниясынын учагы Алматыга учуп кетти. Ал эми Ошко уча турчу кечки каттамдар туман таркабаса жылдырылат же токтотулат деп билдирди аэропорттун маалымат кызматы. 

Ссылка: https://barometr.kg/koyuu-tumandan-ulam-manas-aeroportunda-aba-kattamdary-zhyldyryldy-ajrym-uchaktar-almaty-aeroportuna-kondu



Добавить комментарий