Коронавирустан каза болгон дарыгердин үй-бүлөсүнө миллион сом төлөнүп берилди
Бүгүнкү күнгө Саламаттык сактоо министрлигинин жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун депозиттик эсебинен 244 саламаттык сактоо уюмдун депозиттик эсебине 2020-жылдын апрель айында эпидемия очокторунда иш алып барган медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөрдү төлөө максатында 105 млн 400 миӊ сом каражаты которулду. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Ошондой эле, коронавирус инфекциясын жугузуп алуунун кесепетинен каза болгон саламаттык сактоо уюмунун медициналык кызматкери Ж.А. Кокумбаеванын үй-бүлөсүнө 1 000 000 сом өлчөмүндө материалдык колдоо көрсөтүлдү.
Эске салсак, акыркы маалымат боюнча Кыргызстанда 241 медкызматкерге коронавирус жукканы ырасталган. Алардын ичинен 189 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustan-kaza-bolgon-darygerdin-j-blsn-million-som-tlnp-berildi
Добавить комментарий ×