Акушер-гинеколог Арсен Аскеров: Коронавирус кош бойлуу аялдар үчүн кооптуу
Коронавирус менен ооруган боюнда бар аялдарды жаңы көрсөтмө менен дарылашат. Бул тууралуу профессор, акушер-гинеколог Арсен Аскеровдун брифинг учурунда берген маалыматына таянып "Барометр" билдирет.
“Коронавируска чалдыккан кош бойлуу аялдардын арасынан, жеңил даражадагы оорулуулар үй шартында, орточо жана оор абалдагы бейтаптар №2 төрөт үйүндө дарыланып жатышкан. Учурда, вирустун катталуусу азайгандыгына байланыштуу, жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланышууда. Бүгүнкү күнгө чейин, 536 кош бойлуу аял дарыланып чыккан. Тилекке каршы, 16 өлүм учуру катталды. Иликтөөнүн жыйынтыгында, бул учурлар оор даражада болуп, дарыланууга карабастан каза болушкан. Ошондой эле, учурда кош бойлуу аялдарды диагностикалоо жана дарылоо көрсөтмөлөрү өзгөртүлдү”, - деп билдирди профессор, акушер-гинеколог Арсен Аскеров.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirustan-536-kosh-bojluu-ayal-darylanyp-ajykty
Добавить комментарий ×