Коронавирус жуктурган дарыгер өз өмүрүнө кол салды

6 апрель 2020 18:09 3079 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Франциянын "Реймс" футбол клубунун дарыгери Бернар Гонсалес ага коронавирус жукканын билгенден кийин өмүрү менен кош айтышты. Команданын жетекчилиги, оюнчулары анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.

Маалыматка ылайык, 60 жаштагы Гонсалес үй карантинине жубайы менен чогуу алынган. Аялына дагы коронавирус жукканы тастыкталган.

Соңку маалыматтар боюнча коронавирус бир миллиондон ашык кишиге жугуп, 70 миңге жакын кишинин өмүрүн алды. 

Францияда оору 90 864 кишиге жугуп, 8 078 кишинин өмүрүнө забын болду.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-zhukturgan-zhukturgan-daryger-z-mrn-kol-saldy



Добавить комментарий