Коронавирус 1,2 миллион кишиге жукту
Жер шары боюнча коронавирус 1 миллион 265 миң 777 кишиге жукту. Бул тууралуу оорунун жайылышына көз салган атайын булактарда айтылат.
Ага ылайык, учурда оору 68 981 кишинин өмүрүн алды. Ошол эле маалда оорудан 259 075 киши сакайган.
Дүйнө боюнча алып карай турган болсок, оору жуккандардын саны боюнча АКШ алдыда (337 274), ал эми каза болгондордун саны боюнча Италия (15 887) биринчи орунда.
Негизинен каза болгондор Европа мамлекеттеринде көп катталууда. Мисалы өмүрү менен кош айтышкандар боюнча Италиядан кийинки орунда Испания (12 418 )турат, андан кийин Улуу Британия (4 941).
Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда дагы коронавирустан эки киши каза болуп, оору 147 кишиден тастыкталды.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-12-million-kishige-zhuktu
Добавить комментарий ×