Коронавирус жуккан медкызматкерлердин саны 183 болду
Бөлүшүү:
Кыргызстанда бир суткада 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Алар Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Ошентип, коронавирус жуккан жалпы медициналык кызматкерлердин саны 183кө жетти.
Эске салсак, Кыргызстан боюнча 27-апрелге карата 695 кишиден коронавирус тастыкталды.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-zhukkan-medkyzmatkerlerdin-sany-183-boldu
Добавить комментарий ×