Коронавирус жуккан киши менен контакт болуп аны дарыгерге айтпай качкандар бар
Бөлүшүү:
Коронавирус жуккан адам менен контакт болуп, бирок аны дарыгерлерге айтпай, башка аймактарга качып кеткендер бар. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков маалымат жыйында билдирди.
Ал бир мисалды айтып берди Анда Ноокатта ооруга шектелген жаран менен контакта болуп, кийин Кыргызстандан башка аймагына качып кеткен аял кармалганын айтты.
“Аны укук коргоо органдары түнү менен издеп таап, аны менен контакт болгон бардык кишилерге обсервацияга алдык”, — деди Исаков.
21-март саат 9:00гө алынган маалымат боюнча Кыргызстанда 12 кишиден вирус табылды.
Добавить комментарий ×