Коронавирус өнөкөт ооруга айланышы ыктымал

11 март 2020 14:25 782 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Окумуштуулардын божомолуна ылайык, коронавирус өнөкөт оору болуп калышы мүмкүн. Мындай түкшөмөл Кытайда коронавируска кайтадан чалдыккан учурлар катталганын эске алуу менен жасалууда.

Окумуштуулар вирус формасын тездик менен өзгөрткөндүктөн ага каршы дарыларды иштеп чыгууга убакыт жетпей калып жатат. Андыктан вирус бир формадан экинчи формага өткөндүктөн кишилер кайтадан аны менен ооруп калышууда. Дарыгерлер вирус кайта жуккан учурда буга чейинки тест тапшыруу системасынын мүчүлүштүгүнөн болушу ыктымал дешүүдө.

Ген-инженериясы лабораториясынын жетекчиси Павел Волчковдун айтымында, дарылоо учурунда вируска кабылган клеткалар толугу менен жок болот. Эгер киши бул оору менен кайтадан ооруса, демек ал толук дарыланган эмес дегенди түшүндүрөрүн белгилейт.

Эске салсак, 11-мартка алынган маалымат боюнча коронавирустан каза болгондордун саны 4289 кишиге жетти. 

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-nkt-ooruga-ajlanyshy-yktymal



Добавить комментарий