Коронавирус менен ооруп жаткандарга өтө зарыл 32 аппарат алынып келинди
Швейцария каржылаган “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине COVID-19 ооругандар үчүн кычкылтек концентраторлорун тапшырды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.Долбоор 2 млн сомдон ашык суммага 32 кычкылтек концентраторун алды. Концентраторлор Бишкек жана Ош шаарларындагы ооруканаларга жана Нарын облусундагы территориялык ооруканаларга тапшырылат.
Кычкылтек концентратору деген эмне?
Кычкылтек концентратору - бул дем алуу системасында жабыркоосу бар бейтаптар үчүн кычкылтек терапиясын жасалуучу аппарат. Мындай аппарат COVID-19 оорусунун өрчүгөн (отушуп кеткен) бейтаптар үчүн өтө зарыл.
-
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-menen-oorup-zhatkandarga-t-zaryl-32-apparat-alynyp-kelindi
Добавить комментарий ×