Коронавирус менен ооруп жаткандарга өтө зарыл 32 аппарат алынып келинди

12 июня 2020 21:33 1099 Barometr
Поделиться в:
ok

Швейцария каржылаган “Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине COVID-19 ооругандар үчүн кычкылтек концентраторлорун тапшырды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.Долбоор 2 млн сомдон ашык суммага 32 кычкылтек концентраторун алды. Концентраторлор Бишкек жана Ош шаарларындагы ооруканаларга жана Нарын облусундагы территориялык ооруканаларга тапшырылат.

Кычкылтек концентратору деген эмне?

Кычкылтек концентратору - бул дем алуу системасында жабыркоосу бар бейтаптар үчүн кычкылтек терапиясын жасалуучу аппарат. Мындай аппарат COVID-19 оорусунун өрчүгөн (отушуп кеткен)  бейтаптар үчүн өтө зарыл.


-

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-menen-oorup-zhatkandarga-t-zaryl-32-apparat-alynyp-kelindi



Добавить комментарий