Коронавирус менен күрөшүп жүрүп чачы агарган дарыгерди кичинекей кызы тааныбай калды
Кытайдын Ухань шаарында чыккан коронавирус эпидемиясынын алдын алуу үчүн келип иштеген дарыгердин чачы толук агарып кеткендиктен үч жашар кызы атасы үйүнө кайтканда аны тааныбай калган.
AsiaOne порталынын жазышынча, 39 жаштагы Ван Бэньсю Ухань шаарында эки ай иштеген. Ал 20дан ашык бейтапты караган. Тыным албай иштегендиктен эки айдын ичинде дарыгердин чачы толугу менен агарган.
Өзүнүн Гуйчжоу шаарына кайтканда, үйүнүн эшигин үч жашаh кызы ачып, “Сиз кимсиз?” деп суроо салып, өз атасын тааныбай калган. Маалыматка ылайык, кыз атасын дароо тааныган эмес.
Белгилей кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында коронавирус чыккан. Учурда ал дүйнөнүн бардык мамлекеттерине жайылып, миллиондогон кишиге жугуп, жүз миңдеген кишинин өмүрүн алды.
Добавить комментарий ×