Коронавирус менен күрөшкөн медкызматкерлер Ысык-Көлгө эс алууга кетишти

13 август 2020 18:00 1091 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коронавирус менен күрөшүүгө тартылган медкызматкерлер Ысык-Көлдө эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Өкмөт тарабынан инфекциянын очогунда иштеген, коронавирус жана пневмония менен ооруп айыккан медициналык кызматкерлердин ден соолугун калыбына келтирүү жана реабилитациялоо иштерин уюштуруу Ысык-Көл облусундагы пансионаттардын базасында жүргүзүлүүдө.  

23-июлдан баштап бүгүнкү күнгө чейин ССМнын буйругуна ылайык, ден соолугун реабилитациялоо жана калыбына келтирүү үчүн 445 медициналык кызматкерлер жөнөтүлгөн. Реабилитациялоого республикадагы  улуттук борборлордун, жалпы практикалык дарыгерлер борборлорунун,  биринчи даражадагы кызматкерлер (ҮМБ),  коомдук саламаттык сактоо кызматынын медкызматкерлери жиберилди.

Медициналык кызматкерлердин тизмеси алар иштеген саламаттыкты сактоо мекемелери тарабынан түзүлгөн.


Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-menen-krshg-tartylgan-medkyzmatkerler-ysyk-kld-es-alyshat



Добавить комментарий