Коронавирус канча убакыттан кийин кайра жугаары аныкталды

15 октябрь 2021 17:22 1508 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Швеция менен Италияда жүргүзүлгөн изилдөө коронавирус менен ооруп айыккандардын көбүндө антитело 15 айга чейин сактала турганын көрсөттү.Бул тууралуу bioRxiv.org сайтына шилтеме кылуу менен “Барометр” кабарлайт.

Коронавирус болуп айыккан адамдардын титрлери ооругандан соң жарым жылдан кийин кескин азайып кетет.

Изилдөөдө ооруп айыгып чыккан 136 бейтаптан алынган 188 кан үлгүсү иликтенген.

Окумуштуулар эн жогорку антителолор оору жуккандан кийинки 15-28 күндө болорун аныкташты. Андан соң алардын саны акырындап төмөндөп,  ошентсе да адамдын вируска каршы туруу жөндөмү болжол менен 15 айга чейин сакталат.

Дарыгерлер иммунитет негизинен узак убакыт болорун бирок жаңы чыккан штаммдар тынчсыздандыруу жарата турганы кошумчалашты.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-kancha-ubakyttan-kijin-kajra-zhugaary-anyktaldy



Добавить комментарий