Борбор Азияда депрессиянын деңгээли тез өсүп жатат

13 октября 2021 09:20 1635 Barometr
Поделиться в:
ok

Дүйнөдө депрессия жана тынчсыздануу оорулары COVID пандемиясынын биринчи жылында 26 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Lancet булагына жарыяланган эл аралык окумуштуулар тобунун изилдөөсүнө таянуу менен “Барометр” маалымдайт.

Окумуштуулар 2020-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 29-январына чейинки жүргүзүлгөн маалыматтарга таянышкан. Адистер пандемиядан көбүрөөк жапа чеккен өлкөлөрдө депрессия абалындагы адамдардын саны 246 миллион адамга чейин көбөйгөнүн белгилешет. Ар бир өлкөдө орточо өсүш 27,6 пайызды түзгөн. Ал эми тынчсыздануудардын саны орточо 28 пайызга жогорулап, 374 миллион адамга чейин көбөйгөн.

Эң эле көп жабыркаган аймактар Борбор Азия жана Түштүк Америка болду. Бул аймактарда депрессия менен тынчсыздануу 30−35 пайызга көбөйдү.

Эң эле көп тынчсыздануу абалына 20-24 жаштагы адамдар кабылган. Ал эми улгайган адамдардын психикасы пандемияны анча кабыл алган эмес. Адистер депрессиянын жогорулашына  пандемия гана эмес, карантиндер, кыймылды чектөө, окуу жайлардын жабылышы, кирешенин азайышы дагы себеп болгонун аныкташты.

Психологдор коронавирус начар изилденгендиктен адамдар аны жугузуп алуу менен өлүм коркунучу келбейби деп көп ойлошкондуктан тынчсыздануу келип чыкканын дагы кошумчалашты.

Ссылка: https://barometr.kg/borbor-aziyada-depressiyanyn-degeeli-tez-sp-zhatat



Добавить комментарий