Коронавирус кайсы аймактагы дарыгерлерге эң көп жукту? Тизме

15 апрель 2020 13:20 1696 Barometr
Бөлүшүү:
ok

15-апрелге карата Кыргызстан боюнча 449 кишиге коронавирус жукканы тастыкталды. Анын ичинде 98и дарыгерлер. Алардын ичинен илдет 27 дарыгерге, 43 орто медперсоналга, 23 кенже мендперсоналга жана 5 Саламаттык сактоо уюмдарынын башка адистерине жуккан.

Ооруну жуктурган медициналык кызматкерлердин аймактардагы көрсөткүчтөрү:

Бишкек ш. – 33

Ош ш. – 28

Ош облусу – 20

Жалал-Абад облусу – 8

Нарын облусу – 6

Баткен облусу – 2

Чүй облусу – 1

Белгилей кетсек, өкмөттүн атайын токтому менен оору жуктурган дарыгерлерге компенсация катары 200 миң сом, ал эми вирустан улам каза боло турган болсо 1 миллион сом берилет.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-kajsy-ajmaktagy-darygerlerge-e-kp-zhuktu-tizme



Добавить комментарий