Коронавирус илдети жуккандардын саны 1433 кишиге жетти
Бөлүшүү:
Кыргызстанда 25-майга карата коронавирус илдетинин жаңы 30 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Ага ылайык, жаңы катталган учурлар төмөнкү аймактардан табылган.
Бишкек ш. – 9 + 8 Санкт-Петербург ш. келгендерден
Чүй облусу - 1
Нарын облусу - 5
Ош ш. - 3
Ош облусу - 1
Жалал-Абад облусу - 2
Баткен облусу - 1.
Ошол эле учурда 992 бейтап айыгып, үйүнө чыгарылган. Ал эми каза болгондордун саны 16 кишиге жетти.
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-ildeti-zhukkandardyn-sany-1433-kishige-zhetti
Добавить комментарий ×