Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун саны 16 кишиге жетти
Поделиться в:
Кыргызстанда бир суткада эки киши коронавирустан каза болуп, жалпы каза болгондордун саны 16 кишиге жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Ага ылайык, каза болгондордун бири Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев болсо, экинчи жаран 67 жаштагы эркек киши.
"Бир бейтап (Чолпонбаев М.Ш. 70 жашта) Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынан каза болду. Экинчи бейтап Жайыл аймактык ооруканасынын инфекциялык бөлүмүндө каза болду (Ж.К., 67 жашта, эркек)", - деди Үсөнбаев.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirustan-kaza-bolgondordun-sany-16-kishige-zhetti
Добавить комментарий ×