Коронавирус: дарыгерлер, милиция кызматкерлери жана чек арачылардын айлыгын көтөрүү айтылды

19 март 2020 11:11 1399 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Кыргызстанда коронавируска каршы иштеп жаткан дарыгерлердин, милиция кызматкерлеринин жана чек арачылардын айлык акысын көтөрүүнү сунуштады.

Себеби дал ушул кызматкерлер эл аралып, оорунун жайылып кетпешине болгон аракетин көрүп жатат.

Депутат Алмазбек Баатырбеков айрым дарыгерлер коронавируска каршы күрөшүп жүрүп, үй-бүлөсүнө бара албай, алардан убактылуу четтөөгө туура келип жатканын айтты.

Белгилей кетсек, учурда дарыгерлер, милиция кызматкерлери жана чек арачылар Кыргызстанга кирип чыккан кишилерди күнү-түнү көзөмөлгө алып, иштеп жатышат.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев учурда Кыргызстанда коронавирус үч кишиде аныкталып, бир суткада жаңы учур катталбаганын билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-darygerler-miliciya-kyzmatkerleri-zhana-chek-arachylardyn-ajlygyn-ktr-ajtyldy



Добавить комментарий