Коронавирус 95 миңден ашык кишиге жукканы расмий ырасталды
Бөлүшүү:
Кытайдын Ухань шаарында чыккан коронавирус учурда 95 036 кишиге жукканы расмий ырасталды. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазды.
Ага ылайык, каза болгондордун саны 3 289 кишиге жетти. Андан сырткары оорудан айыкты деп 52 898 киши ооруканадан чыкты.
Ал эми каза болгондордун саны боюнча Кытай биринчи орун турат. Бул жакта дарт 3 012 кишинин өмүрүн алган. Андан кийинки орунда Италия (107), Иран (92), Түштүк Корея (35).
Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-95-miden-ashyk-kishige-zhukkany-rasmij-yrastaldy
Добавить комментарий ×