Коронавирус 49 ымыркайга жана 55 кош бойлуу аялга жукту

22 июль 2020 10:16 7106 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте 55 кош бойлуу аял коронавирустан дарыланып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип «Барометр” билдирет.

Кечээ, 21-июлда алынган маалымат боюнча Борбор калаанын №2 төрөт үйүндө коронавирус менен 55 кош бойлуу аял дарыланып жатат. Алардын ичинен 41 аялга пневмония диагнозу коюлган.

Март айынан бери, коронавирус жана пневмонияга чалдыккан болочок энелердин 257си ооруканага кайрылган. Учурда Бишкекте аталган дартка чалдыккан кош бойлуулар №2 төрөт үйүндө медициналык жардам алышууда.

Белгилей кетсек, бир жылда орточо эсеп менен 15 миңдей аял көз жарат.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда бир жашка чейинки 49 ымыркайга коронавирус жукту.

Ссылка: https://barometr.kg/koronavirus-49-ymyrkajga-zhana-55-kosh-bojluu-ayalga-zhuktu



Добавить комментарий