Коопсуздук күчтөрүнүн Минскидеги унаага жасаган чабуулу интернетке таркады (видео)

24 сентябрь 2020 12:16 688 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Беларусиянын борбору Минскиде коопсуздук кызматынын бир нече кызматкерлери Дзержинский проспектисинде унаага кол салышты, алар унаанын терезесин сындыргандан кийин айдоочу секирип түшүп качып кеттүүгө аракет кылган. Бул тууралуу LIFE агенттиги жазып чыккан маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Щорса жана Разинская көчөлөрүнүн кесилишинде бара жаткан унаа токтотулуп, айдоочу күч колдонулуп кармалды. Андан соң Октябрьское полиция бөлүмүнө жеткирилген.

Маалыматта, айдоочу мас абалда катуу ылдамдыкта келе жатып МАИ инспекторун сүзүп  кетип качууга аракет кылганы айтылат.

Эскерте кетсек, 9-августта Беларусияда президенттик шайлоо болуп, анда Александр Лукашенко 80,1% добуш менен жеңишке жеткен. Андан кийин республикада бир айдан ашык убакыттан бери уланып келе жаткан массалык нааразычылык акциялары башталды. Оппозиция шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартып, Координациялык кеңеш түзүлгөнүн жарыялады. Лукашенко муну бийликти басып алуу аракети деп атады. 23-сентябрда күтүүсүздөн Александр Лукашенко президенттик кызматка киришкен. Европанын бир катар өлкөлөрү аны Беларусиянын мыйзамдуу лидери деп таануудан баш тартышты. Оппозициясы лидерлери мыйзамсыз бийликке баш ийбөө акциясын жарыялады.


Ссылка: https://barometr.kg/koopsuzduk-kchtrnn-minskidegi-unaaga-zhasagan-chabuulu-internetke-tarkady-video



Добавить комментарий