Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев коронавирустан каза болду

21 июль 2020 09:42 1012 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КРнын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын мурдагы башкы катчысы, коомдук ишмер Жыпар Жекшеев коронавирустан улам көз жумду. Бул тууралуу анын туугандарына шилтеме берип «Барометр» билдирет.

«Бишкектеги улуттук госпиталда коронавирус илдетинен дарыланып жаткан. 21-июлга караган түнкү саат 1:30дун тегерегинде каза болду», - деп айтылат маалыматта.

Жекшеев Жыпар Жекшеевич 1947-жылы 26-майда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Талды-Суу кыштагында төрөлгөн.

Ал 1971-жылы Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, 1988-жылы Мамлекеттик көркөм өнөр институтун аяктаган. 1999-жылы Кыргыз улуттук университетинде укук адистиги боюнча магистратураны бүтүргөн.

Жекшеев 1989-жылы Кыргызстандагы туңгуч демократиячыл уюмдардын бири болгон “Ашар” козголушунун аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган. Ал эми 1990-жылы май айында ал “Кыргызстан” демократиялык кыймылынын беш төрагасынын бири болгон.

Ал Кыргызстандын эгемендик өлкө статусун алуу үчүн күрөшүүгө зор салым кошуп, 1991-жылы Кыргызстандагы ГКЧПга каршы коомдук чукул штабдын жетекчиси болуп дайындалган.

Жекшеев 2007–2009-жылдары КРнын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын башкы катчысы болуп иштеген. 2009-жылдары ал президенттигине талапкер болгон.

Эскерте кетсек, ал Кыргызстандын “Даңк” медалы, “Манас–1000” эстелик медалы, Казакстандын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Жыпар Жекшеевдин артында эки кыз, төрт уулу калды.

“Барометрдин” жалпы жааматы Жекшеевдин үй-бүлөсүнө жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Ссылка: https://barometr.kg/koomduk-ishmer-zhypar-zheksha-koronavirustan-kaza-boldu



Добавить комментарий