Конор Макгрегор: "Кармашта утулдум, мелдеште уттум, согуш бүтө элек..."

9 октябрь 2018 10:40 3987 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Конор Макгрегор бети көгөргөн сүрөтүн инстаграм баракчасына жарыялап: "Кармашта утулганыбыз менен мелдеште уттук, согуш уланат"-деген билдирүү калтырды. Ирландиялык мушкердин россиялык Хабиб Нурмагомедов менен болгон беттештен кийинки алгачкы билдирүүсү эле. 

Сүрөттө Конордун ичимдик кармап түшкөн сүрөтүн көрүүгө болот. 

Эске салсак,7-октябрда Лас-Вегаста өткөн UFC 229 турниринин негизги беттешинде Хабиб менен ирландиялык мушкер Конордун беттеши ызы-чуу менен аяктаган. Хабиб октагондон аттап түшүп мушташып кетишкен.

Ссылка: https://barometr.kg/konor-makgregor-karmashta-utuldum-meldeshte-uttum-sogush-bt-elek



Добавить комментарий