Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор коомчулуктун кызыгуусун арттырган жаңылыгы менен бөлүштү
Аралаш мушташ (ММА) боюнча мушкер Ирландиялык Конор Макгрегор жакында дагы балалуу болорун айтты. Мушкер 25-декабрда, өзүнүн Instagram баракчасына үй-бүлөсү, колуктусу жана эки баласы менен УЗИнин кагазын кармап түшкөн сүрөтүн жарыялады. Бул тууралуу спортчунун соцтармактагы баракчасындагы маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Рождество майрамыңыздар менен. Өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн атынан баарыңыздарды куттуктайм. 2021-жылы көп жакшы нерселерди тилек кылып, күтөлү”, - деп жазды мушкер.
Эске салсак, август айында Макгрегор сүйүктүүсү Ди Девлиндин колун сурап, көп өтпөй үлпөт тоюун белгилешкен. Жубайлар 10 жылдан ашуун убакыттан бери чогуу жашап келишсе мыйзамдуу түрдө ушул жылы баш кошушкан. Ушул убакыт аралыгында эки балалуу болушкан. Үч жашар Конор жана эки жашар Кройя аттуу уул-кыздардын ата-энеси.
Белгилей кетсек, Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун мушташы коомчулуктун арасында катуу ажиотаж жаратып, жылдын мыкты беттеши болгону талашсыз.
Добавить комментарий ×